Күбө: Батыш автобекетинин аймагында мотоциклчен киши жөө жүргүнчүнү коюп кетти

© Sputnik / Миранский / Медиабанкка өтүүмотоциклчен киши. Архив
мотоциклчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган жаран ооруканага, ал эми айдоочу милицияга жеткирилди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкекте ишемби күнү Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан "Казакстан" мейманканасынын алдынан саат 15.00 чамасында мотоцикл айдаган жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам кабарлады.

"Мотоцикл айдаган киши Жибек Жолу проспектиси аркылуу батыштан чыгыш тарапты көздөй келатып жөө жүргүнчүнү коюп кетти", — деп кабарлады ал. 

Окуянын күбөсү жаракат алган адамды ооруканага, ал эми айдоочуну милицияга алып кетишкенин кошумчалады.

Тез жардам кызматы Батыш автобекетинин аймагында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу кабар келип, дарыгерлер жөнөтүлгөнүн ырастады. 

Бишкек шаарынын эң кандуу көчөлөрүн Sputnik материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0