КРден Казакстанга бараткан россиялыктын машинасынан курал табылды

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргызстандан Казакстанга бараткан россиялык жарандын машинасынан табылган газ тапанчасы
Кыргызстандан Казакстанга бараткан россиялык жарандын машинасынан табылган газ тапанчасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң чет элдик жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга бараткан россиялык жарандын машинасынан газ тапанчасы табылганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл өткөрүү пунктунан 10-августта Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Аны тинтүү учурунда газ тапанчасы төрт огу менен табылган.

Тийиштүү документтер толтурулган соң чет элдик жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0