Сууга агып кеткен үч жарандын денеси табылды

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүСуучул. Архив
Суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын денелери туугандарына өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өлкө аймагында сууга чөгүп кеткен жарандардын денелери табылгандыгын ӨКМ кабарлады.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө каналга түшүп кеткен 3 жашар бала изделүүдө
Маалыматка караганда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 7-август күнү эки жашар бала Шайбек каналына агып кеткен. Куткаруучулар менен туугандары жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында 10-август күнү 12:15 чамасында баланын сөөгү табылган.

Ошондой эле, Ноокен районундагы Достук айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынын 65 жаштагы тургуну Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Жарандын өзбекстандык туугандары издөө иштери менен алектенип, 6-август күнү анын денеси Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

Сууга чөгүү фактысы Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Тоң районунда 10-август күнү Манжыл-Ата тилкесинде сууга 48 жаштагы жаран чөгүп кеткен. Анын сөөгү ошол эле күнү 17:00дөр чамасында табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0