Ошто 56 жаштагы киши 1 кг героин менен колго түштү

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүОшто 56 жаштагы киши 1 кг героин менен колго түштү
Ошто 56 жаштагы киши 1 кг героин менен колго түштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табылган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ошто Кара-Суу районунун 56 жаштагы тургуну бир килограммдан ашуун баңгизат менен кармалганын ИИМден билдирди. 

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн Нариман айылындагы үйүн тинтүүгө алышкан. Натыйжада 1 килограмм героин, 4 грамм нашаа табылган.

Топтолгон материал иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн аймактык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилип, кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0