Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Жазылуу
Алдын ала маалыттарга ылайык, ал асынып өлгөн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чыгыш автобекетинин жака белиндеги Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан унаа дүкөнүнөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Тез жардам кызматы билдирди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча табылган адам өз өмүрүнө кол салган. 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көз жумган кыз дүкөндө администратор болуп иштеген.

"Ал таңкы саат жетилерде жумушка келген. Ал эми сегиз жарымдардан өтүп келген башка кызматчылар кыздын жансыз денесин тепкичтин түбүнөн табышкан", — дешти жашоочулар. 

Аталган маалыматты Кайгуул милициясы тастыктап, каза болгон кыз 24 жашта экени аныкталды.

Асынып алган кыздын жанында эч кандай кат же башка кайрылуу болгон эмес. Учурда тергөө амалдары башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0