Чаткалда сел жүрүп үч машинаны басып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селя
Последствия селя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кырсыгынан райондун жолдору, турак-жайлар жабыркаган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында 6-август күнү саат 17:20да мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Мырзабаев айылында үч жеңил унааны сел калдыктары басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел алдында калган эки жеңил унаа чыгарылып, үчүнчүсү чыгарыла элек.

Андан сырткары, Терек-Сай айылында сел сайлардан суу ашып, жалпысынан 26 турак-жайдын короолорун, айланасын сел калдыктары каптаган.

"Райондук Электр тармактар ишканасына караштуу 2 электр мамычасы авариялык абалга келген. Чымканаев атындагы мектептин айланасы сел калдыктарына толуп калган", — деп айтылат маалыматта.

Горная дорога в село Зардалы в Баткенской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Зардалы айылына жол каттамы ачылды
8-августта селдин кесепетин жоюу иш-чаралары улантылып, 15 турак-жайдын айланасы, 100 метр аралыкта сел сайлары тазаланган. 

Райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун кызматкерлери тарабынан 137 адам текшерилип, аларга психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Ооруларды алдын алуу жана амлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери 26 турак-жайда залалсыздандыруу жумуштарын жүргүзүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0