Үйдүн 9-кабатындагы терезенин текчесине отуруп алган бала куткарылды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЖардамчы. Архив
Жардамчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жаштагы наристе ата-энесине өткөрүп берилди. Анын акыбалы жакшы.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда 7-август күнү көп кабаттуу үйдүн терезесинин текчесине отуруп алган бала куткарылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Окуя 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

"Беш жаштагы 9-кабаттагы батирдин терезесинин текчесине отуруп алган. Куткаруучулар үйдүн чатырынан түшүп, баланы ата-энесине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда баланын акыбалы жакшы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0