Москвадагы кыргыздардын үйлөнүү тоюнда кудалар орун талашып атыша кетишти

© AP Photo / Lynne SladkyТапанча кармаган аял. Архив
Тапанча кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атышуудан үч адамдын бутуна ок тийсе, дагы бирөөнүн мээси чайкалган. Ал эми түгөйлөр жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Москва шаарында өткөн кыргызстандыктардын үйлөнүү үлпөтүндө атышуу болуп, бир канча адам жаракат алгандыгын "Московский комсомолец" гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Полан менен 23 жаштагы Аянанын тоюу "Борисовские пруды" кафесинде болгон. 

"Үлпөт учурунда ичимдик көп болгондуктан көпчүлүк мас болуп калган. Таң атаарда күйөө тарап менен келиндин туугандары унаа ичинде орун талашып уруша кеткен. Окуя ырбап кетип, атышуу менен аяктаган", — деп айтылат маалыматта. 

Окуядан үч адамдын бутуна ок тийсе, дагы бирөөнүн мээси чайкалган. Ал эми түгөйлөр жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0