БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кеминде апасын сабады деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-август күнү Кемин районунун 67 жаштагы тургуну баласы сабап салгандыгы боюнча милицияга арыз жазган.
Ыкчам иликтөө иштенинин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы арыз жазган эненин уулу кармалды.
Учурда тергөө амалдары башталды.