Боомдо эки жүк ташуучу унаа кагышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек - Ысык-көл унаа жолу. Архив
Бишкек - Ысык-көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Учурда жол каттамына эч кандай тоскоолдук жок.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы унаа жолунун 120-чакырымында HOWO жана ЗиЛ унаалары кагышып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Жол каттамына эч кандай тоскоолдук жок. Кырсыктын себебин Кемин ШИИБи иликтей турганы маалымдалды.

ӨКМ аталган жолдун 125-чакырымында медициналык пункт жана куткаруучулар тобу, ал эми 131-чакырымында Транспорт жана жолдор министрлигинин жол тазалоочу тобу жайгашканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0