08:31 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1012 0 0

Үй ээси кезектеги чырдан кийин кызганычтын айынан уктап жаткан аялын муунтуп, андан соң Тез жардам чакырганын айтып берген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкекте кызганычтын айынан күйөөсү аялын өлтүрүп салган учур катталды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

"Бейшембиге караган түнү саат 2.50дө аялдын өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Тинтүү учурунда бул жерде убактылуу жашаган 33 жаштагы аялдын сөөгү табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган үйдө эркек киши менен 6 жаштагы бала болгон. Аялдын күйөөсүнүн айтымында, кызганычтын айынан буга чейин да бир катар чыр-чатактар болуп келген. Кезектеги чырдан кийин уктап жаткан аялын муунтуп салган.

Андан кийин эркек баласын ойготуп, Тез жардам чакырган. 

Учурда кармалган киши Ленин РИИБге өткөрүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тема боюнча

Жалал-Абадда ичимдиктин айынан классташын өлтүргөн жаран камакка алынды
ИИМ Ысык-Көлдө адам өлтүрдү делген жаран УКМК кызматкери экенин тактаган жок
Белгилер:
кызганыч, Чыр-чатак, Өлтүрүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ