БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Манас" аэропортунан бир тууган эжесинин паспорту менен Түркияга жөнөгөн 25 жаштагы жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аял "Бишкек — Стамбул" каттамы менен кетүүгө аракет кылган. Колго түшүрүлгөн жарандын айтымында, ал Түркияга иш издеп кетип жаткан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.