КамАЗ менен кагылышкан унаанын жүргүнчүсү каза болду

Жазылуу
Окуядан жеңил унаанын айдоочусу оор жаракат алган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Камаз менен кагылышкан унаанын жүргүнчүсү каза болгондугун Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы тууралуу билдирүү саат 00:25те түшкөн. 

"Садыгалиев көчөсүндө КамАЗ менен жеңил унаа кагышып кеткен. Окуядан жеңил унаанын ичиндеги 60 жаштагы аял окуя болгон жерде каза болду. Ал эми 62 жаштагы айдоочунун мээси чайкалган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кайгуул милициясы окуяны териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0