БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында таш кулап, жолду толугу менен жаап калганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-август күнү саат 22.25те Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 119-чакырымында болгон.
Атайын техника тартылып, өз убагындагы тазалоо иштеринин натыйжасында эки жарым сааттан кийин жол толугу менен ачылган.