Таласта "Жигули" жардан кулап, бир киши каза болду

© Sputnik / Таалай ОроскуловАрка в Таласской области. Архивное фото
Арка в Таласской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кырсыктан бир адам өлүп, бирөө оор жаракат алган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Талас облусундагы Талас районунда Бердике баатыр айыл аймагындагы Беш-Таш жаратылыш бакчасында "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа жардан кулап, аккан сууга түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кырсыктан бир адам каза болуп, бирөө оор жаракат алган.

Жол кырсыгы 1-августта саат 19:32 чамасында болгон.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар автоунааны суудан чыгара алышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0