БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Таксисттин унаасын карактагандар кармалгандыгын Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июль күнү саат 20:30дар чамасында Ново-Покровка айылында белгисиз эки жаран таксистти бычак такап коркутуп, Toyota Camry унаасын айдап кетишкен.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган унаа Бишкек — Торугарт жолунда колго түшкөн. Анткен менен унаа ичиндеги кылмышкерлер милицияга баш бербей, токой аралап качууга үлгүрүшкөн.
Кинолог иттердин жардамы менен 22 жаштагы жаран кармалган. Көп өтпөй ошол эле аймактан анын шериги колго түшүрүлгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Карактоо) боюнча кылмыш иши козголду.