Эки жашар кызы менен бараткан жаранды бус коюп кетти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жол жүргүнчү белгиси. Архив
Жол жүргүнчү белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Абдрахманов көчөсүндөгү Опера жана балет театрынын маңдайында болгон.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкекте эки жашар кызын көтөрүп бараткан жаранды микроавтобус коюп кеткенин Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, кырсык тууралуу билдирүү кечээ саат 16.33тө түшкөн. 

"33 жаштагы жарандын баш сөөгү жабыркап Улуттук госпиталга жеткирилген. Ал эми наристенин да баш сөөгүнө доо кетип, баш мээси чайкалган", — деди дарыгер.

Билдирүүдө жол кырсыгы Абдрахманов көчөсүндөгү Опера жана балет театрынын маңдайында болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0