Ысык-Атада бир түндө 4 бука менен 5 уй уурдады делген тургундар кармалды

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүБукалар. Архив
Букалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандар башка да кылмыштарга да шектелүүдө.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Атада төрт бука жана беш уй уурдаган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди. 

Короодогу индюк жана тооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто 16 миң сомдук тоок менен үндүктү уурдай качкан 24 жаштагы жаран кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июль күнү, Ысык-Ата районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 25-июнда белгисиз бирөөлөр сарайынан 4 бука жана 5 уйун уурдап кеткенин айткан. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 26 жана 19 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалды. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0