Эмил Каптагаевди барымтага алды делген 45 жаштагы жаран кармалды

Жазылуу
Ал 2013-жылы Каракол шаарында башалмандык уюштурган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. УКМК тарабынан 2013-жылы Каракол шаарында башаламандык уюштурууга шектелгендердин бири кармалганын кызмат билдирди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында башаламандык уюштургандар ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаевди барымтага алышкан. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши ачылып, бир канча жарандар кармалган. 

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 45 жаштагы жаран кармалды. Ал барымтага алуу жана башаламандык уюштуруу боюнча шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда тергөө амалдары улантылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0