ИИМ Ысык-Көлдө адам өлтүрдү делген жаран УКМК кызматкери экенин тактаган жок

Жазылуу
Спирт ичимдиктерин ичип отурган эки адам уруша кетип, бирөөсү экинчисин бычактап салган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү Ысык-Көлдүн Тоң районунда бир адам киши колдуу болгондугун ИИМден билдиришти. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган кылмышка шектүү катары УКМКнын кызматкери кармалганы кабарланган. 

"Азырынча кармалган адам УКМКнын кызматкери экендигин тактай элекпиз. Учурда киши өлтүрүү фактысы бар", — деп айтылат маалыматта. 

Алдын ала маалыматтар боюнча спирт ичимдигин ичип отурган эки адам урушу кетип, бирөөсү экинчисин бычактап салган. Каза болгон киши 52 жашта болгон. 

Ал эми УКМК бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0