Бишкектин базарынан акча жана шым уурдагандар кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБазар. Архив
Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосундагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндөгү (ЦУМ) соода күркөлөрүнүн биринен сатуучунун 5500 сом салынган куржунун уурдап алгандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Короодогу индюк жана тооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто 16 миң сомдук тоок менен үндүктү уурдай качкан 24 жаштагы жаран кармалды
Маалыматка ылайык, уурулукка шектелип 40 жаштагы шаар тургуну 28-июлда кармалган. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесине ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Ушул эле күнү шаардагы Ош базарынан беш джинсы шым уурдады деген шек менен 30 жаштага тургун кармалган. Милицияга 23 жаштага сатуучу кайрылып, анын товарларын белгисиз кишилер уурдап кеткенин айткан.

Кармалган жаранга карата уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБдин тергөө бөлүмү ишти алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0