Токмокто 16 миң сомдук тоок менен үндүктү уурдай качкан 24 жаштагы жаран кармалды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКороодогу индюк жана тооктор. Архив
Короодогу индюк жана тооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыз ээсинин айтымында, белгисиз бирөөлөр сарайынын эшигин бузуп киришкен.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Токмок шаарында 24 тоок жана төрт үндүк уурдаган деген шек менен 25 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
14 кылмыш жасап, 800 000 миң сомдук буюм уурдады делген жаран кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-февралында 56 жаштагы Токмок шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз бирөөлөр сарайын бузуп кирип, 24 тоок жана 4 үндүгүн уурдап кетишкенин айткан. Келтирилген чыгым 16 миң сомду түзгөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 24 жаштагы жараны кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0