Нөшөрлөп жааган жамгыр айрым аймактардагы эгин аянттарын жууп кетти

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүп эгин талааларын жууп кеткендигин ӨКМ кабарлады. 

Тоодогу жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айрым жерлеринде катуу шамал болушу күтүлөт
Маалыматка караганда 28-июль күнү Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Баетов айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, чөп жана эгин аянттарын кум аралаш суу каптап калган. 

Ошол эле күнү Ош облусундагы Алай айылында саат 14.30 чамасында Беш-Кашар участкасында сел жүрүп, болжол менен үч гектар чөп, 10 сотка картошка жана 40 сотка арпа эгилген жерди жууп кеткен. 

Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0