Сузакта жалгыз бой аялдарды карактоого шектелип 19 жаштагы тургун кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан аялдар милицияга арыз менен кайрылышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда жалгыз бой аялдардын үйүнө кирип, коркутуп-үркүтүү менен карактап келген деген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү киши бет кап кийип түн ичинде аймактагы беш үйгө кирип, үй ээсинин мойнуна бычак такап коркутуп, акчасын, зер буюмдарын алып кеткен. 

"Ал аялдарды "бирөөгө айтсаң өлтүрөм" же "акча таппасаң зордуктап салам" деп опузалаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто Сирияга адам жөнөтүүгө аракет кылган 20 жаштагы бала соттолду
Каракчылыкка шектелген жаран акыркы жолу 23-июлга караган түнү саат 02:30да Сузак районунун Благовещенко айылындагы үйлөрдүн бирине кирген. Колундагы бычагы менен 21 жаштагы кызды коркутуп, акча издей баштаган. Ошол маалда кыз каршылык көрсөтүп, каракчынын колунан бычагы түшүп кеткенде терезеден секирип качып кеткен.

Жабыр тарткан жарандар милицияга арыз менен кайрылып, аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында 26-июль күнү аталган кылмыштарга шектүү катары Сузак районунун 19 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0