Кант шаарында батирден чыккан өрттөн карыя каза болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерелри. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кант шаарында болгон өрттөн пенсия курагындагы адам каза болгонун өрт өчүрүүчүлөр билдирди.

Ага ылайык, шаршемби күнү Кант шаарындагы батирлердин биринде өрт чыккан.

"Керебет, төшөктүн жарымы күйгөн. Өрт чыккан жерде 71 жаштагы карыянын сөөгү табылган. Анын денесинин жарымы жана оң колу күйүп калган", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча кырсык тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0