Бостериде эс алып жүргөн жаран көлгө чөгүп кетти

Жазылуу
Кырсык мындан эки күн мурун болгон. Маркумдун денесин куткаруучулар кечээ табышты.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Бостери" (мурунку "Алтын кум") пансионатында эс алып жаткан 26 жаштагы жаран чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июль күнү болгон. Көлгө чөгүп кеткен адамдын Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну экени аныкталды.

Маркумдун денесин куткаруучулар эртеси, 27-июль күнү саат эртең мененки тогузда табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0