Россияда 10 кг. героин сатууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россиянын кылмыш жаза кодексине ылайык аталган жаранга карата кылмыш иши козголуп, бул ишке тиешелүү адамдарды тактоо аракеттери көрүлүүдө.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россиянын Иркутск облусунда 10 килограммга чукул героин алып бараткан 22 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Бишкек ШИИБ тарабынан сегиз тонна кара куурай жок кылынды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 8 тонна кара куурай жок кылынды
Маалыматка ылайык, 25-июлда Ангарск шаарынан Усолье-Сибирское калаасына бараткан унаа токтотулуп, андан жүргүнчү катары отурган кыргызстандык жаран тинтүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын жанынан 9 килограмм 853 грамм героин табылып, ал баңгизатты сатууга алып баратканын айткан. 

Бул факты боюнча РФтин кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Россиянын мыйзамы боюнча ири көлөмдөгү баңгизатты сактап, алып жүргөнү үчүн 15-20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0