"Жал" кичи районунда курулуп жаткан кыргыз-кытай мектеби өрттөндү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тилсиз жоонун очогу чектелип, толук кандуу өчүрүү иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкектин "Жал" кичи районунун жогорку бөлүгүндө курулуп жаткан кыргыз-кытай мектебинде өрт чыкканын ӨКМ билдирди. 

Маалымат саат 12:27де келип түшкөн. 

"Имараттын биринчи кабатында өрт чыгып, ал 140 чакырым жерге жайылган. Андан курулуш материалдары күйүп кеткен. Окуядан жабыркагандар болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Саат 13:16да тилсиз жоонун очогу чектелди. Учурда өрттү толук кандуу өчүрүү иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0