Бишкектеги мектептердин биринде өрт чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү саат 11:02де келип түшкөн. Аны өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү машина чыгып кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №71 орто мектепте өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү саат 11:02де келип түшкөн.

"Бишкек шаарындагы №71 орто мектепте өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча спорт залдагы төшөнчүлөр күйгөн Аны өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү машина чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Өрт саат 12:45те толугу менен өчүрүлгөн. Жабыр тарткандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0