"Көлмө" жаңы конушунда токко урунган жаран ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр столбасы. Архив
Электр столбасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, айыл тургуну түркүккө чыгып, электр чубалгыларын оңдоп жаткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкектин "Көлмө" жаңы конушунда 25 жаштагы жаран токко урунуп, оор жараткат алды. Бул тууралуу Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. 

Маалыматка ылайык, билдирүү кечээ, 25-июль күнү, саат 18:40та түшкөн. 

"Күбөлөрдүн айтымында, 25 жаштагы айыл тургуну түркүккө чыгып, электр чубалгыларын ремонттон өткөрүп жаткан. Ал токко урунгандан кийин эс-учун жоготуп, кулап түшкөн", — деп айтылат маалыматта. 

Жабырлануучунун кабыргасы, арка сөөктөрү жабыркап, мээси чайкалган. Ал Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0