Ак-Буурага эки аял агып кетти

© Sputnik / Айша КамиловаАк-Буура дарыясы. Архив
Ак-Буура дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга аккан эки жарандын денесин куткаруучулар алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Оштун Төлөйкан айылындагы Ак-Буура дарыясы эки адамдын өмүрүн алгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25-июль күнү саат 11.54 чамасында "Жеткинчек" балдар лагеринин жанынан аталган сууга эки аял сууга агып кеткен. 

Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары аялдардын денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0