Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунда 38 жаштагы жаран каза болду

© Фото / Айбек Ажибаев"Тартуга" эс алуу борбору
Тартуга эс алуу борбору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркум эс алуу борборунун кызматкери болгон.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Тартуга" эс алуу борборунда бир адам каза болду. Бул тууралуу Тез жардам станциясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Тез жардамга билдирүү 11:52де келип түшкөн. Окуя болгон жерге жетип барган дарыгерлер 38 жаштагы жаранды сактап калууга жетишпей калган. 

"Каза болгон жаран эс алуу борборунун кызматкери болгон. Ал бассейиндерди сууга толтуруп жатып кырсыктаган", — деп айтылат маалыматта. 

Бишкек ШИИБи жана "Тартуга" эс алуу борборунун жетекчилиги азырынча маалымат бере элек. 

Эскерте кетсек, 10-июль күнү аталган борбордо 8 жаштагы бала бассейинге түшүп кеткен. Учурда ал ооруканада. Баланын абалы оор деп бааланып, ушу кезге чейин өзүнө келе электиги айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0