Тез жардам: аквапаркта сууга секирген жигиттин мойну сынды

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүАквапарктары эс алуучулар. Архив
Аквапарктары эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Тез жардам кызматына 618 кайрылуу түшкөн. Анын 453үнө жеринде жардам берилип, 114 киши ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы аквапарктын биринде сууга секирген 23 жаштагы жарандын мойну сынганын Тез жардам кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билдирүү саат 18:30дар чамасында келип түшкөн. Ал сууга секирип жатканда башынан жаракат алган.

"Жабыр тарткан жаран Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, мойну сынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам кызматына бир суткада 618 кайрылуу түшкөн. Анын 453үнө жеринде жардам берилип, 114 киши ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0