Көлдө скутер менен элди аралап кеткен "эс алуучу" казакстандык болуп чыкты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСкутер айдап бараткан адам. Архив
Скутер айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скутердин айдоочусу мас абалында болгону аныкталып, окуядан 65 жаштагы Ош шаарынын тургуну жаракат алган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуучуларды аралап кеткен скутердин айдоочусу Казакстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. 

Эске сала кетсек, Кара-Ой айлындагы "Алтын жай" пансионатында (мурунку "Рохат") мас абалындагы адам скутерди башкара албай, жээктеги эс алуучуларды аралап кеткен.

"Окуядан 65 жаштагы Ош шаарынын тургуну жабыркаган. Бирок ал скутердин айдоочусу — 29 жаштагы Казакстандын жаранына карата арыз жазуудан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсыктан жаюыркаган аялдын жарааты жеңил болгондуктан, ооруканага кайрылуу зарылчылыгы жаралган эмес.

Ал ортодо өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев көл жээгинде техникалык каражаттар менен иш алып баргандар үчүн инструктаж өтүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0