ГЭС-5 көлмөсү менен Нарын дарыясы эки кишинин өмүрүн алды

Жазылуу
Каза болгондордун бири табылса, экинчиси ушу кезге чейин изделип жатат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бир күндүн ичинде эки адам сууга чөгүп, анын бирөөсүнүн денеси табылбай жаткандыгын ӨКМден билдиришти.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада кыргызстандык жаран поезд алдында калып каза болду
Маалыматка караганда, 24-июль күнү Аламүдүн районунда ГЭС-5 "Вода-2" суу сактагычына Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын 45 жаштагы тургуну чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жарандын денесин суудан алып чыгышкан.

Ошол эле күнү 7.30 чамасында Өзбекстан менен чектешкен жердеги Нарын дарыясына 65 жаштагы жаран чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин ушу кезге чейин улантып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0