Кантта аялын сабады деген шек менен 60 жаштагы киши кармалды

Жазылуу
Милицияга шаардын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ага күйөөсү себепсиз кол көтөргөнүн айткан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кантта аялын ур-токмокко алды деген шек менен 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Жүргүнчү белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборунан 14 жаштагы кызды машина коюп кетти
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-июль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына Кант шаарынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны күйөөсү себепсиз сабаганын айткан. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары жергиликтүү жашоочу кармалган. 

Аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0