Германиядагы жардыруудан бир киши каза болуп, 12 адам жаракат алды

© REUTERS / MICHAELA REHLEСотрудники полиции на месте взрыва в городе Ансбах в федеральной земле Бавария в Германии
Сотрудники полиции на месте взрыва в городе Ансбах в федеральной земле Бавария в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардырууну сириялык жаран ишке ашырганы айтылууда. Ага бир жыл мурда Германиядан качкын статусун берүүдөн баш тартылган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү Германияда болгон жардыруудан бир адам каза болуп, 12 киши жаракат алды.

Маалыматка ылайык, жардырууну ишке ашырган жаран да каза болгон.

Германиянын түштүгүндөгү Ансбах шаарында болгон жардыруунун себеби изилдене турганын Бавариянын ИИМ башчысы Иоханн Херрманн маалымат жыйында билдирди.

"Бул жардырууну террордук аракет деп айтууга болор-болбосун изилдөө көрсөтөт", — дейт Херрманн.

Жардырууну уюштурган киши 27 жаштагы сириялык жаран экени айтылууда. Ал буга чейин бир нече жолу мыйзам бузуп, полициянын каттоосуна алынган. Ошондой эле эки жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Эки жыл мурда Германияга келип, качкын статусун алууга документтерин тапшырганы менен бир жыл мурун анын арызы канааттандырылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0