Ысык-Көлдө мас киши скутер менен эс алуучуларды аралап кеткен

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСууда эс алгандар. Архив
Сууда эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан бир адам жабыркаган. Каза болгондор жок.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айлындагы "Алтын жай" пансионатында (мурунку "Рохат") мас болуп алган адам скутерди башкара албай эс алуучуларды аралап кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМ билдирди.

Маалыматта окуя жекшемби күнү болуп, бир аял жабыркагандыгы айтылат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жана аталган пансионат менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0