Москвада кыргызстандык жаран поезд алдында калып каза болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя тууралуу жакындарына маалымат берилди. Анын денеси жакынкы күндөрү мекенин жеткирилет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандык жаран поезд алдында калып каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-июль күнү Москва убактысы боюнча саат 9:50дө (Бишкек 12:50) Карачаево-Серп жана Молот станцияларынын 5-чакырымында позед 50 жаштагы Кыргызстандын жаранын коюп кеткен.

Окуя тууралуу жакындарына маалымат берилди. Анын денеси жакынкы күндөрү мекенин жеткирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0