Тарых музейиндеги өрттүн жайылышы токтотулду

© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан жер
Өрт чыккан жер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарда өрт учурунда ӨКМдин эки аскери жабырланды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейиндеги өрттүн жайылышы токтотулду деп билдирди окуя болгон жерде жүргөн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ӨКМдин өкүлү.

Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейинде экспонаттарды көчүрүү башталды
ӨКМ кечээ кечинде Бишкектин борборунда жайгашкан Тарых музейи өрттөнүп жаткандыгын билдирген.

Тилсиз жоо тууралуу кабар "101" кызматына түнкү саат 10дөн өткөндөн кийин келип түшкөн. Алар өрт музейдин кампасынан башталган деген маалыматтарды берген

ӨКМдин өкүлүнүн айтымында, тилсиз жоо ишембиге караган түнү 3.25те жайылбай, токтотулду.

"Беш саатка чейин басылбаган түтүн коштогон өрт токтотулду. Бир аздан кийин өрттү толук өчүрөбүз", — деди ал..

Акыркы маалыматтарда ӨКМдин үч жоокери жабырланды. Бирөө бутун кокустатып алып ооруканага жеткирилсе, кийин дагы бирөө ууланып калды.

"Азыр бул жерде Тез жардамдын 5 унаасы иштеп, медиктер аскерлерге жана музейдин кызматкерлерине жардам көрсөттү. Алар кычкылтек менен дем алып, түтөп жаткан очокту таап, жок кылуу үчүн имараттын ичинде жүрүшөт", — деп айтып берди.

Ак Үйдүн капталында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Иске ууланган куткаруучу, тез жардам жана милиция. Тарых музейинде чыккан өрт
Мамлекеттик тарых музейи 25-марттан тарта оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабынын алкагында жабылган болучу. Ал эми анын экинчи этабы Эгемендүүлүк күнү — 31 августка карата бүтүп калышы керек эле.

Мындан бир нече күн мурда тагыраагы, 14-июлда да музейдин чатырындагы 20 чарчы метр айнеккебез ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан улам өрттөнгөн эле.

Мамлекеттик Тарых музейи 1925-жылы негизделген. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы салынган. Ал — Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Бул жерде 135ге миңге чукул экспонаттар жана кыргыз элинин маданий, тарыхый уникалдуу эстеликтери сакталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0