Тарых музейинде экспонаттарды көчүрүү башталды

© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча түтүн биринчи кабаттын дубалдарынан чыгып жатат. Азырынча өрттүн себеби аныктала элек.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейинин имаратынан экспонаттарды көчүрүп чыга башташты. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Буга чейин ӨКМ Бишкектин борборунда жайгашкан Тарых музейи өрттөнүп жаткандыгын билдирген. Алдын ала берилген маалыматтарда, музейдин кампасы өрттөнүп, адам өмүрүнө зыян келбегендиги айтылган. 

© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
1/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
2/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
3/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
4/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
5/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи - Sputnik Кыргызстан
6/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
1/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
2/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
3/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
4/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
5/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи
6/6
Өрт чыккан Мамлекеттик Тарых музейи

Буга чейин имаратка кол кап жана бет капчан адамдарды киргендиги кабарланган. Анын айтымында, ал адамдар — экспонаттарды алып чыгуу үчүн кирген музейдин кызматкерлери менен ӨКМдин аскерлери.

"Учурда бири-бирин алмаштырып 30га чукул киши иштеп жатат. Кычкылтектин жетишпегендигинен улам, кыйынчылык жаралып жаткан. Азыр ал маселе чечилди", — деди Алмамбетова.

Ал эвакуация иштери алдын алуу, сактыктан улам жүргүзүлүп жаткандыгын, негизи экспонаттарга кооптуулук жаралбагандыгын айтты.

"Азырынча түтүндүн кайдан келип жаткандыгы түшүнүксүз болуп жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, ал биринчи кабаттын дубалдарынан чыгууда. Азырынча анын себеби белгисиз", — деди ал.

Тилсиз жоо тууралуу кабар "101" кызматына түнкү саат 10дөн өткөндөн кийин келип түшкөн

Ак Үйдүн капталында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Иске ууланган куткаруучу, тез жардам жана милиция. Тарых музейинде чыккан өрт
Мамлекеттик тарых музейи 25-марттан тарта оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабынын алкагында жабылган болучу. Ал эми анын экинчи этабы Эгемендүүлүк күнү — 31 августка карата бүтүп калышы керек эле.

Мындан бир нече күн мурда тагыраагы, 14-июлда да музейдин чатырындагы 20 чарчы метр айнеккебез өрттөнгөн. Анын ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан улам болгондугу кабарланган.

Мамлекеттик Тарых музейи 1925-жылы негизделген. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы салынган. Ал — Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Бул жерде 135ге миңге чукул экспонаттар жана кыргыз элинин маданий, тарыхый уникалдуу эстеликтери сакталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0