ШИИБ: чет элдик жихадист кармалып, жанынан жасалма чач жана курал табылды

© Фото / пресс-служба ГУВД города БишкекЗадержание иностранца-джихадиста в Бишкеке
Задержание иностранца-джихадиста в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жаран Чүй облусунун аймагында убактылуу жашап, Бишкек шаарында кылмыш жасоого ниеттенгенин милиция билдирди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бир нече кылмыш жасоого ниеттенген чет элдик жаран борбор калаадан кармалганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Алматы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматыда кандуу калаба уюштурган киши полицияны өч алуу үчүн өлтүргөн
Ага ылайык, чет элдик жаран Чүй облусунда жашап жүргөн. Ал такфир-жихадчы диний агымынын өкүлү болгон.

Кармалган жаран борбор калаада бир нече кылмыштарды жасоого ниеттенген. Анын жанында жасалма чач, медициналык бет кап, ок атуучу курал, диний мүнөздөгү DVDдисктер табылганын ШИИБ баса белгиледи.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Анын жанынан алынган буюмдарга бир катар экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0