Бишкектин четинде 4 сааттан бери колбаса чыгарган цех өрттөнүп жатат

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүү уланып жатат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекке жакын жерде жайгашкан Ленин айылында колбаса чыгарган цех өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 10.01 чамасында келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча цехтин 600 чарчы метрлик чатыры күйүп жатат. Себептери аныкталууда.

Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүү унаасы жиберилген. Жабыркагандар жок, өчүрүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0