Рейд учурунда ЕАЭБдин талаптарын бузган 19 жүк ташуучу унаа кармалды

Жазылуу
Аталган мыйзам бузуулар салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталды.

БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан эки апта ичинде ЕАЭБдин талаптарын аткарбаган 19 жүк ташуучу унаа катталды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы "Чалдовар" чек ара пункту аркылуу патенти жок 12 айдоочу, "Ак-Тилек" чек ара пункту аркылуу беш айдоочу ал эми Талас обусундагы "Чоң-Капка" чек ара пункту аркылуу беш айдоочу кармалган.

Аталган мыйзам бузуулар салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0