Алайда 100гө жакын үй сел жууп кетүү коркунучунда турат

Жазылуу
Район аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сугат каналдары сел калдыктарына толуп калган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ош облусундагы Алай районунун Чий-Талаа айылында 20-июлда саат түнкү экилер чамасында катуу жамгыр жаап, кыштактын чыгыш тарбындагы тоолордон сел агындылары түшкөн. Айылды сугат суу менен камсыз кылган 4 чакырымдык каналдын көпчүлүк бөлүгү сел агындыларына толуп калган. Учурда суу 60-70 турак жайды жууп кетүү коркунучу пайда болгонун ӨКМ билдирди.

Ошондой эле Сопу-Коргон айылынын чыгыш тарабында курулган төрт сел тосмолорун жана түндүк чыгыштагы Бөкөймө каналынын эки чакырымы, чыгыш Тескей каналынын үч чакырым аралыгы сел калдыктарына толуп калган. Анын кесепетинен 25-30га чукул турак жайды суу жууп кетүү коркунучу пайда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0