Чүйдө 40 тоокту уурдай качты деген эки улан кармалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТоок. Архив
Тоок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу 40 тооктун баасы 18 миң сомго барабар экенин айткан.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Чүй облусунда тоок уурдады деген шек менен 18 жаштагы эки улан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Кат жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чукоткалык "маданияттуу" ууру тамак-аш кымырып кечирим сураган кат жазып кеткен
Москва районунун 66 жаштагы тургуну милицияга сарайынан 40 тоок жоголгонун айтып, арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 40 тооктун баасын 18 миң сомго барабар экенин кошумчалаган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 18 жаштагы эки жигит кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинини 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Адатта, уурулуктун бул түрү боюнча бир жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0