Тамга: бак астында калган аял баласын коопсуз жайга түртүп жибергенге үлгүргөн

Жазылуу
Бул каргаша аскер санаториясында болгон. Бир жарым жаштагы бала жабыр тарткан эмес.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тамга айылындагы аскер санаториясынан кечинде бак кулап, баласы менен жүргөн аялды басып калганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бак катуу шамалдан жана жаандан улам кулап, бир жарым жаштагы баласы менен жүргөн 28 жаштагы аялды басып калган.

"Күбөлөрдүн айтымында ал баланы коопсуз жерге түртүп жибергенге үлгүргөн. Ал эми аял бактын алдында калып каза болду. Ал санаторияда иштеген кызматкердин тууганы болгон", — деп маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0