Беш-Күнгөйдөгү өрттөнгөн үйдөн кишинин сөөгү табылды

Жазылуу
Адистер өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан деп билдирүүдө.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үй өрттөнүп, андан күйүп калган эркек кишинин денеси табылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал кишинин ким экендиги такталууда.

"Беш-Күңгөй айылындагы үйдүн устуну, терезе, диван өрттөнүп, андан күйүп калган эркек кишинин денеси табылган",— деп айтылат маалыматта.

Адистер өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан деп айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0