Жалал-Абадда ичимдиктин айынан классташын өлтүргөн жаран камакка алынды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрак ичүү. Архив
Арак ичүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелип жаткан жаран күнөөсүн толук мойнуна алып, камакка отургузулду

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ноокен районундагы Ак-Бата айылында ичимдиктин айынан классташын өлтүрүп, сөөктө өзүнүн чарбагына көөмп салган жаран кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

14-июль күнү 56 жаштагы жаран 25 жаштагы баласы 10-июль күнү кечинде үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегендигин айтып, арыз менен кайрылган. 

Анын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп дайынсыз жоголгон кишинин денеси досунун чарбагынан табылды.

"10-июль күнү 25 жаштагы М.Т. классташы менен арак ичип отуруп урушуп кеткен. Натыйжада, үйдүн кожоюну А.К. аттуу жаран классташын башка таяк менен бир нече ирет уруп, анын кесепетинен "конок" өлүп калган. Кылмышка шектелген жаран маркумдун денесин чарбагына сүйрөп барып көөмп койгон", — деп айтылат маалыматта. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада 31 кызды зордуктаган кылмышкер соттолот
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жерден жана кылмышка шектүүнүн кийимдеринен кандын тактарын табышкан. Милиция окуя болгон жерден 20 метр аралыктагы шектүүнүн чарбагынан М.Т. аттуу жарандын денесин казып, сыртка алып чыккан. 

Кылмышка шектелип жаткан жаран күнөөсүн толук мойнуна алып, камакка отургузулду. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0