Москвада 31 кызды зордуктаган кылмышкер соттолот

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерди издөөгө 30 жыл кеткен. Аны табууга жогорку технология менен молекулярдык-генетикалык изилдөөлөр жардам берген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Москвадагы "Кузьминки" сейил багынан 30 жылдан бери изделип келе жаткан кылмышкер кармалды. Ал 31 кызды зордуктоого шектелип иши сотко өткөрүлгөн. Бул тууралуу бейшемби күнү Россиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин билдирди.

"Валерий Макаренкого байланыштуу кылмыш ишиин иликтөө аяктады. Ал 31 кызды зордуктоого шектелип жатат. Тергөө органдары тарабынан жетиштүү далилдер топтолуп, иши сотко өткөрүлдү", — деп билдирди Маркин.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада кызды зордуктап туруп үйүнө узатып койгон "сыпайы" кылмышкер кармалды
Тергөө органдарынын берген маалыматына караганда, 1987-жылдан 2014-жылга чейин Макаренко Москвада көп сандаган аялдарга кол салган. Ал велосипедин тээп алып үйлөрдүн алдынан, сейил бактардан аялдарды аңдууга алган. Шектүү акыркы жолу "Кузьминки" сейил багынан 29 жаштагы москвалык аялды зордуктоого аракет жасап, ошол жерден тартип сакчыларынын колуна түшкөн. 

Маркиндин айтымында, кылмышкердин мындан башка 31 кылмышка тиешеси бар экенин аныктоого жогорку технология менен молекулярдык-генетикалык изилдөөлөр жардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0